Чүйдөгү мектептин курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Чүйдөгү мектептин курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Чүй облусунун Москва районундагы мектептин курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2014-жылдын аягында Турак жай-жарандык курулуш департаменти (ТЖЖКД) тарабынан Москва районунун Бала-Айылчы айылынын Жапаров атындагы 150 орундуу мектепти куруу боюнча республикалык бюджеттин  48 382 812 сомдук каржылоосунда тендер жарыяланган.

Тендердин жыйынтыгы менен 40 540 743 сомду сунуштаган “К.С.” ЖЧКсы жеңүүчү деп табылып, жогоруда көрсөтүлгөн мектепти куруу боюнча келишим түзүлгөн.

2019-жылдын 27-декабрында комиссия тарабынан курулуш иши аяктаган имаратты кабыл алуу акты түзүлүп, Экотехинспекциянын жетекчилиги тарабынан бекитилген.

“Бирок прокурордук текшерүүдө аныкталгандай, “К.С.” ЖЧКсы имараттын полуна эски же мурда иштетилген тактайларды колдонгон. Сметалык документтер боюнча бул эски тактайларга 966 630 сом сарпталган.

Мындан тышкары, бир катар мыйзам бузуулар жана курулуш иштерин жүргүзүүдө подрядчик тарабынан стандартка туура келбеген курулуштарга жол берилгендиги аныкталды”, — деп айтылат маалыматта.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мамлекетке келтирилген зыяндын так өлчөмүн аныктоо масатында топтолгон материал боюнча 320-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен катталып, учурда тергөө иштери башталганы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>