Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов проспектиси эми түнкүсүн саат 22:00дөн 05:00гө чейин унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады.
Буга чейин бул көчө саат 21:00дөн 06:00гө чейин жабылып келген. Жаңы графикке ылайык, жабылуу убактысы 1 саатка кийинкиге жылды.
Кечинде проспект пешеходдук аймак катары колдонулуп, шаар тургундарына жана меймандарына сейилдөө үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт.