Бишкек шаарында Ч. Айтматов проспектисинин Семетей көчөсүнөн А. Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо үчүн жабылат. Мындан улам №55, №56 жана №8 автобустарынын кыймыл схемалары өзгөртүлдү. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
- №55 автобусунун кыймыл багыты төмөнкүдөй өзгөртүлдү:
Д. Садырбаев көчөсү – А. Масалиев көчөсү – Тыналиев көчөсү – И. Ахунбаев көчөсү.
- №8 автобустун каттамы:
И. Ахунбаев көчөсү – Тыналиев көчөсү – А. Масалиев көчөсү – Д. Садырбаев көчөсү.
- №56 автобусу А. Масалиев жана Д. Садырбаев көчөлөрү аркылуу жүрөт: