Site icon Reporter.kg

Ч.Айтматов проспектисинин бир бөлүгү оңдоп-түзөө үчүн жабылат

17-марттан тарта Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов проспектисинин А.Масалиев проспектисинен Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Белгилей кетсек, Ч.Айтматов проспектиси/А.Масалиев проспектиси, Ч.Айтматов проспектиси/Семетей көчөсү кесилиштери  унаа кыймылы үчүн ачык болот.

Буга байланыштуу жогоруда аталган тилкеде эки автобустук каттамдын кыймылы өзгөрөт. №8 жана №55 автобустук каттамдардын кыймылы убактылуу Д.Садырбаев (Бах) көчөсүнө которулат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version