Чач алдыруу эстафетасы айымдарга жетти. Этно ырчы Гүлзада Рыскулова чачын кырдырып салды — фото

Чач алдыруу эстафетасы айымдарга жетти. Этно ырчы Гүлзада Рыскулова чачын кырдырып салды — фото

Кыргызстанда коронавирустун кесепетинен 25-марттан  30-апрелге чейин карантин жарыяланган. Бул учурда мырзалардын көбү чачын кырдырып салышты. Мындай эстафенаны карантин жарыяланаары менен ырчы Нурлан Насип баштап, өзүнүн сахналаш досторуна узаткан.

Эң кызыгы чачын кырдырган айымдар дагы болду. Алардын бири белгилүү этно ырчы айым Гүлзада Рыскулова Инстаграмдагы баракчасына чачын кырдырган сүрөтүн жарыялап: “Аман болсок чачым кайра эле чыгаар. Буйруса баары жакшы болот ..” деп жазды.

Ырчы айымга күйөрмандары «сиз ооруп жатасызбы, эмне себептен чачыңызды кырдырып салдыңыз?» деген суроолоруна Рыскулова: «менде баары жакшы» деп жооп узаткан.

Карантин башында чачын кырдырып салбаган мырзалар азыр өкүнүп жатат. Анткени чач тарачтардын бардыгы жабык, чач алдыруунун бир гана жолу устара менен кырдырып салуу болууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>