Site icon Reporter.kg

Чагылгандан кантип коргонуу керек? ӨКМден кеңеш

Күн күркүрөп, чагылган болгон кезде коопсуздук чараларын көрүү өтө зарыл. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Алар төмөнкүлөр:

— эгерде сиз калктуу конушта болсоңуз терезе эшиктерди, морду жана желдетүү тешиктерин жабыңыз;

— мешке от жакпаңыз! Анткени меш түтүгүнөн чыккан жогорку температурадагы газ чагылганды өзүнө тартат;

— уюлдук телефон менен сүйлөшпөңүз себеби бул учурда электр мамычаларынын ортосунда созулган зымдарга чагылган тиет;

— эгерде сиз токойдо болсоңуз токойдун ачык аянтына шашылыңыз. Бийик бактардан, өзгөчө карагайдан, эменден, теректен алыс болгонуңуз дурус;

— суу объектисинде же анын жээгинде калбаңыз. Жээктен алыстап, бийик жерден ойдуңга түшүңүз.

Ысык-Көлдө 250 кой чагылган тийип өлдү (сүрөт)

Exit mobile version