Site icon Reporter.kg

Чалдовар айылындагы көлмөгө 14 жаштагы кыз чөгүп кетти

17-августта Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун  Чалдовар айылындагы көлмөгө 2006-жылы туулган кыз чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Издөө иштерине төрт куткаруучу тартылып, алар сөөктү таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Exit mobile version