Site icon Reporter.kg

Чаткал дарыясынан эркек кишинин сөөгү табылды

Чаткал дарыясынан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Куткаруучуларга Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында 45 жаштагы адам Чаткал дарыясына агып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө иштерине сегиз адам тартылган. Куткаруучулар адамдын жансыз денесин таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Exit mobile version