Site icon Reporter.kg

Чаткал дарыясында чакан ГЭСтердин курулушу башталды

Жалал-Абад облусундагы Чаткал дарыясына салынып жаткан чакан ГЭСтердин курулушу башталды. УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев биринчи курулуп жаткан «Башкы-Терек» ГЭСнин имаратында капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чаткал дарыясында ГЭСтер каскадын куруу боюнча инвестициялык долбоордо 4 чакан ГЭС каралып, 3 жыл ичинде курулуп бүтөт.

Долбоор энергиянын кайра жаралуучу булактары (ЭКБ) чөйрөсүндөгү мамлекеттик -жеке өнөктөштүк (МЖӨ) алкагында ишке ашырылып жатат. ГЭСтерге «Гран Холдинг» ишканасы инвестор болгон.

«Чаткал каскад ГЭСтери Каныш-Кыя айыл аймагына курулат. Алар (Башкы-Терек, Коргон-Сай, Чуңкурчак, Айгыр-Джал). Бул долбоор ишке ашса Чаткал өрөөнү туруктуу электр энергия менен камсыз болот, ошондой эле Ала-Бука жана Таласка да жеткирүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт»,- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Чаткал өрөөнүндө алгачкы жолу ГЭС салынып жатат.

Exit mobile version