ӨКМ: Чаткал районунда кар көчкү түштү

ӨКМ: Чаткал районунда кар көчкү түштү

Бүгүн, 10-февралда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кар көчкү бүгүн саат 08:30 чамасында Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 99-101-чакырым аралыктарында (Чапчыма ашуусу) 500м3 жана Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 4-9- чакырым аралыктарында (Капчыгай тилкеси) 3500м3 түшкөн жана унаа жолдор жабылган.

Тазалоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн, №27 ЖТИ 2 жүктөгүч, 1 бульдозер жана 1 грейдер тартылып, саат 10:30да унаа жолдор бир тараптуу ачылган. Учурда толук тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жеринде байланыш жок болгондугуна байланыштуу маалымат кечиктирилип берилип жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>