Site icon Reporter.kg

Чаткал суусуна түшүп кеткен автоунаа 3 күндөн кийин табылды

Чаткал суусуна түшүп кеткен автоунаа 3 күндөн кийин табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 14-декабрь күнү Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 110-чакырымында “ВАЗ-2107” үлгүсүндөгү унаа Чаткал суусуна түшүп кеткен.

Кечээ, 17-декабрда ӨКМнын куткаруучулары автоунааны суудан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

 

Exit mobile version