Site icon Reporter.kg

Чаткалда бир адам сууга агып кетти

Чаткал районунда 48 жаштагы адам сууга агып кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Терек-Сай айыл аймагынын Кызыл-Токой айылында Терек-Сай суусунда 1974-жылы туулган М.А. аттуу эркек киши агып бара жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 4 куткаруучу тартылып,  адамдын сөөгүн суудан чыгарып ИИМ кызматына өткөрүп беришкен.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version