Чаткалда автоунаа дарыяга кулап, айдоочусу каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-декабрь күнү саат 19:54 чамасында Чаткал айылында “Жигули” үлгүсүндөгү автоунаа Чаткал суусуна түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 37 жаштагы адам көз жумган.
ӨКМнын куткаруучулары барганга чейин маркумдун денесин жергиликтүү тургундар чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.