Site icon Reporter.kg

Чаткалда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 31-июлда саат 07:55те Кыргызстандын аймагында Чаткал тоо кыркаларында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3,5 баллга жетип, Жалал-Абаддын Чаткал, Тегирмен-Сай, Жылгын, Аркыт айылдарында жана Талас шаарында сезилген.

Ушул эле аймакта 25-27-июль күндөрү дагы күчү 3,5-5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Exit mobile version