Site icon Reporter.kg

Чаткалда муниципалдык чакан ГЭС курулат

Жалал-Абаддын Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында муниципалдык чакан ГЭС куруу пландалууда. Бул тууралуу облус башчысынын эл менен жолугушуусунда район акими Алтынбек Сенирбаев билдирди.

Маалыматка караганда, учурда жергиликтүү бюджеттен долбоорлоо жумуштарына 5 млн сом бөлүнгөн.

Чакан ГЭСтин кубаттуулугу 5 МВт болуп, жыл сайын жергиликтүү казынага 60 млн сомдон ашуун киреше алып келери болжолдонууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version