Site icon Reporter.kg

Чаткалда тоодо жоголгон 6 адамды издөөгө тик учак жөнөтүлдү

Жалал-Абаддын Чаткал районундагы Ак-Сай тоосунда жоголгон 6 кишини издөө иштерине ӨКМдин тик учагы жөнөтүлду. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Жоголгон адамдарды издөө-куткаруу иштерин 20 куткаруучудан турган топ тартылды.

Эскерте кетсек, 9-октябрда Каныш-Кыя айылынын 13 тургуну жана 1 кытайлык жаран тоого эндик өсүмдүгүнүн тамырын терүүгө чыгышкан. Кийинчерээк байланышка чыкпагандыктан, 16-октябрда алар дайынсыз болуп жатканы тууралуу ӨКМге кабар берилген.

Ошол эле күнү куткаруучулар менен жергиликтүү тургундар издөө иштерине чыгып, дайынсыз болгон 8 кишини табышкан.

Табылган адамдар 14-октябрда саат 18:00дордо кар көчкү болгонун, 6 адам кар алдында калган болушу мүмкүн экенин айткан.

Exit mobile version