Рамзан Кадыров убактылуу ишке жарамсыздыгына байланыштуу Чеченстандын башчысы кызматынан кетти. Чеченстандын расмий сайтындагы малыматка ылайык, мамлекет башчынын милдетин аткаруу өкмөт башчы Муслим Хучиевге жүктөлгөн.
“Чечен Республикасынын Конституциясынын 76-беренесине ылайык 2020-жылдын 13-январынан баштап Чечен Республикасынын башчысынын милдетин аткарууну Чечен Республикасынын өкмөтүнүн төрагасы Хусеив Муслим Магомедовичке тапшырам”, – деп айтылат Кадыровдун расмий маалыматында.
Эске салсак, Муслим Хучиев 2019-жылдын феварль айында Рамзан Кадыровдун милдетин аркалаган. Ал убакта Кадыров Бириккен Араб эмирлигине барып, коргонуу боюнча эл аралык көргөзмөгө катышкан.