Site icon Reporter.kg

Чечен лидери Рамзан Кадыров коронавируска чалдыкканы айтылууда

Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров коронавируска шектелип ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Орусиялык бир катар маалымат агенттиктери ишенимдүү булактарына таянып жазып чыкты.

Андагы маалыматтарда, Рамзан Кадыров коронавирус жуктуруп алган соң учак менен Москвадагы ооруканалардын бирине жеткирилгенин жана медиктердин көзөмөлүндө экендигин жазылат.

Азырынча бул маалыматты расмий органдар тастыктай элек.

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Чеченстанда бүгүнкү күндө миңден ашык адамдын анализинен коронавиру табылган.

Exit mobile version