Чечен Республикасы Кыргызстанга гуманитардык жардамды көрсөттү

Чечен Республикасы Кыргызстанга гуманитардык жардамды көрсөттү

Чечен республикасы Кыргызстанга жалпы суммасы 50 млн рублдан ашык болгон гуманитардык жардамды көрсөттү. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

“2-августунда Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы расмий сүйлөшүүнүн натыйжасында Чечен Республикасы тарабынан жалпы суммасы 51 млн 41 миң 917 рублга барабар болгон кайтарымсыз жардам жиберилди”, – деп жазылат маалыматта.

Гуманитардык жардам бүгүн кыргыз-казак чек арасынын “Ак Тилек” өткөрмө посту аркылуу Кыргызстанга киргизилген жана тийиштүү процедуралар өткөрүлгөндөн кийин Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин кампасына түшүрүлөт.

Орусиянын “Фармстандарт” ачык акционердик коому Саламаттык сактоо министрлигине гуманитардык жардам катары:

  • коргоочу комбинезондор — 24 100 даана;
  • үч кабаттуу беткап — 24 729 даана;
  • полимердик материалдан жасалган көз айнек — 5248 даана;
  • бет калкандар — 10 649 даана жана башка медицина тармагына муктаж болгон каражаттар берилген.
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>