Site icon Reporter.kg

Чех компаниясы Украинаны калыбына келтирүүгө жардам берет

Чехиялык 3D басып чыгаруучу компания Украинанын бузулган инфраструктурасын калыбына келтирүүгө жардам берүүгө ниеттенип жатат.  Бетонго санарип басып чыгаруу курулуш иштерин тездетип, материалдарды 70%ке чейин үнөмдөйт.

ICE Industrial Services компаниясында украиналык адистердин делегациялары жаңы технологияны көрсөтүштү. Фирма согуштан кыйраган шаарларды жана кыштактарды калыбына келтирүүгө зор салым кошоору күтүлүүдө.

«Биз бул технологияларды инфраструктураны түзүүдө, жарандык инфраструктураны – мектептерди, аялдамаларды, бомбадан баш калкалоочу жайларды коргоо үчүн колдонобуз»-деди «Родницек» курулуш компаниясынын директору Валерий Другановский.

Чехиялык компания буга чейин Украинага биринчи модулдук коргонуу системасын алып келген. Азыр өлкө үчүн үйлөрдү, ооруканаларды жана мектептерди “кайра басып чыгаруунун” жолдору талкууланууда.

«3D технологиясы сайтта даярдалып, ишке ашырылат. 3D принтер цемент курамы менен басып чыгарат.  Ушундай жол менен үч өлчөмдүү моделди реалдуу чагылдырат«- деди ICE Industrial Services компаниясынын инженери Марек Злоч.

ICE Coral программасы күн панелдери жана борбордук жылытуу системасы менен жабдылган, бир нече конок бөлмөсү бар толук автономдуу үй курууга мүмкүндүк берет.

Мындай үйлөр (бир нече дизайн) ар кандай рельефте жайгаштырылышы мүмкүн. Жаңы технологияны колдонуу менен Украинада биринчи мындай турак жайлардын курула турганына аз гана убакыт калды.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version