Site icon Reporter.kg

Чек ара абалы: Тажикстандын аймагында эки жолу ок атылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 21-сентябрь күнү саат 19.00гө карата мамлекеттик чек аранын Баткен облусундагы кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын маалымдайт.

Бүгүн, 18:20дан 18:50гө чейин Кыргызстандын Баткен районундагы Достук айылынын тушунда Тажик Республикасынын аймагында эки жолу ок атылган.

Лейлек районунун Максат айылында жарандардын унааларына ок атылды делген жана Баткен районунун Достук айылында ок атылды деген маалымат чындыкка дал келбейт.

КР УКМКнын Чек ара кызматы жарандарды социалдык түйүндөрдөгү ишеничсиз басылмалар жана ар кандай ушак-айың кептер менен коомчулуктун тынчын албай, тиешелүү органдар менен болгон маалыматтарды тактап чыгууга чакырат.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчыларыпрезиденттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.

Акыркы маалыматтар боюнча Тажикстандын кол салуусунан Кыргызстан тараптан 59 адам каза тапты.

Бүгүнкү күнү чек арадагы абал тынч бойдон сакталууда, бирок чыңалуу бар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version