Site icon Reporter.kg

Чек ара аткезчилиги: Лимон, конфет, жүгөрү (ФОТО)

Баткен облусунун Лейлек районунун Сай аймагынан Mercedes-Benz унаасы менен 400 кг. жүгөрүнү Тажикстанга мыйзамсыз алып бара жаткан 36 жаштагы кыргызстандык кармалды.

Мындан тышкары Арка аймагынан жүк ташуучу унаасы менен 3,5 тонна лимонду, 3 тонна конфетти мыйзамсыз Тажикстанды көздөй алып бара жаткан кыргыз жараны колго түштү.

Чек ара кызматынын эсеби боюнча, 840 миң сомдук товар болгон. Кармалгандар тиешелүү кызматтарга иликтөө үчүн өткөрүлүп берилген.

Exit mobile version