Site icon Reporter.kg

Чек ара: Баткен облусунун Ак-Сай айылында абал турукташууда

22-июль күнү Баткен обулусунун аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, ок атылган. Жаңжалдан бир нече адам жабыркаган. Учурда Ак-Сай айылындагы абал акырындык менен турукташып жатат. Бул тууралуу Аксай айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы Эргеш Ниязкулов маалымдады.

Таджикстандын Ворух айылындагы чек арага жакын жайгашкан мурда Ак-Сай айылы деп жазылган тактайчанын ордуна тажиктер 6 даана желегинин орнотуп алышкан. Баткен районундагы Ак-Сай айылынын жашоочулары саат 17.30дар чамасында Ак-Сай жазуусун кайрадан орнотуу максатында чогулган учурда жаңжал чыгып, эки элдин жарандары бири-бирине карата таш ыргытышкан. Жаңжал курчуй баштаганда облус жетекчисинин буйругу менен Ак-Сай айылынан тургундары аялдар  жана балдар коопсуз аймакка чыгарылган.

Exit mobile version