Чек ара чыры: 29 мугалимдин үйү өрттөлгөн

Чек ара чыры: 29 мугалимдин үйү өрттөлгөн

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 29 мугалимдин үйү толугу менен өрттөлгөн. Бул тууралуу 3-майда өткөн маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, 10 мугалимдин үйү тонолсо, үчөөнүкү жабыркаган.

“Анын ичинен Баткен районунда мугалимдердин 7 үйү күйгөн, үчөө аткылоо учурунда жабыркаган. Лейлек районунда 22 үй күйүп, 10у тонолгон”, — дейт Жусупбекова.

Белгилей кетсек, чек арадагы чыр-чатактаоблус аймагында 107 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 10 май куюучу жай, 8 дүкөн, 4 соода түйүнү, 4 соцобъект жана 5 башка мамлекеттик имарат күйгөн жана жабыркаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>