Site icon Reporter.kg

Баткенге гуманитардык жардам чогултуу башталды. Даректери

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунун имаратында гуманитардык жардамды кабыл алуу үчүн бирдиктүү борборлоштурулган пункт ачылды. Бул тууралуу кыргыз өкмөтү уюштурган медиа штаб телеграм-канал аркылуу жарыялады.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу түзүлгөн медиаштабдын маалыматына ылайык, жардам берүүнү каалагандар спорт ордосунун имаратында ачылган гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пунктуна кайрылса болот.

Гуманитардык жардам иретинде жөнөтүү үчүн сунушталган азык-түлүктөр: макарон, күрүч, чай, гречка, кумшекер, өсүмдүк майы, картошка, пияз, сабиз, туз, жеке гигиена буюмдары, балдар үчүн буюмдар (памперс).

Мындан тышкары, Бишкек шаардык мэриясы жардамдарды чогултуу пункттарын уюштурду.

Октябрь акимиаты: Байтик Баатыр көч. №17, 57-63-80, (0704) 049 404 — уюштуруу жана кадр иштери бөлүмүнүн башчысы Сүйүнбек Шаршенбеков;

№6 МАБ: Тунгуч кичи району №16/1, 0312447524, 0555156818;

№7 МАБ: Асанбай кичи району № 41/1, 0312521047, 0551115660;

№8 МАБ: 10-кичи району №17/1, 0312884154, 0550556427;

№9 МАБ: 6-кичи району №39 орто мектеп, 0312426143, 0704860801;

№10 МАБ: Көк-Жар кичи району №3, 0312517815, 0553117711;

№11 МАБ: 3- кичи району № 4, 0312578111, 0772140877.

Ленин районунда жардам саат 9:00дөн 18:00гө чейин кабыл алынат:

Ленин акимиаты жана №1 МАБ: Чүй пр. No 315, 653870, 0500042215;

№2 МАБ: Лев Толстой көчөсү № 148, 416234, 0777010428;

№3 МАБ: «Ак-Өргө» конушу, Жетиген көчөсү № 109, 410369, 0556666106;

№4 МАБ: «Арча-Бешик»конушу, Жайыл Баатыр көчөсү №123, 444310, 0505717167;

№5 МАБ: Жал-23 кичи району № 12, 256022, 0706567370;

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган. Чек ара кызматы билдирүү таратып, анда «тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды», — деп билдирген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу бойдон калууда. Чек арадагы акыркы маалыматтар бул шилтемеде. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version