Site icon Reporter.kg

Чек ара чыры: Көк-Таш айылындагы эл Баткенге жеткирилди

Кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Көк-Таш айылындагы жаш балдар менен аялдар Баткенге жеткирилди. Бул тууралуу айылдык кеңештин депутаты Жоробай Осмонов билдирди.

Анын айтымында, кыргыз жериндеги милиция бөлүмүндө отурган кызматкерлерди тажик тарап кууп чыкты.

“Таңкы төрттөн бери аткылап жатат. Бул жерде милиция бөлүмүн аткылап, кызматкерлер эч кандай каршылык көрсөтө албай качып чыкты. Аларды аткыласа биз тараптан эч кандай буйрук берилген жок. Кыргыздын жолунан өтүп жаткан унааларды тажиктер аткылап жатат. Биз тараптан эч кандай чара көрүлгөн жок. Биздин аскерлер элди тосот, өзүлөрү жашынып турат. Кыргыз жеринде жайгашкан мечитти алып алды. Эл эмес, аскерлер бара албай жатат. Өкмөт өкүлдөрүнөн эч ким келип кабар алган жок. Үй-бүлөбүздү Баткенге жеткирип, жерибизди коргойбуз деп турабыз”, — деди айылдык кеңештин депутаты.

Буга чейин 29-апрелде Баткен районунун Көчө-Бою аймагында абал курчуп кеткени айтылган. Кырдаалдын курчушуна Тажикстандын жарандарынын чагымчыл аракеттери себеп болгон. Алар кыргызстандыктарга жана алардын үйлөрүнө таш ыргыта башташкан.

Exit mobile version