Чек ара чыры: Калыбына келтирүү иштерине 700 млн сом бөлүндү

Чек ара чыры: Калыбына келтирүү иштерине 700 млн сом бөлүндү

Кыргыз-тажик чек арасындагы талкаланган турак жайларды калыбына келтирүү иштерине 700 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдирди.

Премьер-министр Улукбек Марипов Лейлек районунун Сада айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда ар бир талкаланган объектини ыкчам калыбына келтирүү маанилүү экенин айткан.

«Тынч жарандарга карата кол салуу болоорун эч ким күткөн эмес. Мен буга баа бере албасам да, убакыт бардыгын өз ордуна коет. Учурда биз үчүн эң негизгиси – талкаланган обьектилерди калыбына келтирүү. Канча турак-жай жана инфраструктуралык объектилер талкалангандыгы, канча социалдык объектилер өрттөлгөндүгү эсептелип чыкты.  Учурда тургундар өз турак-жайларына тезирээк кайтуусу үчүн бардык күч-аракеттер ушул милдетти чечүүгө багытталган»,- деген ал.

Улукбек Марипов белгилегендей, ар бир айтылган маселе кароосуз калбайт, айрым көтөрүлгөн маселелер боюнча иштер жүргүзүлүп баштаган.

«Калыбына келтирүү иштерине 700 млн сом бөлүнгөн, анын 500 млн сому социалдык объектилерди курууга жана ремонттоого жумшалат, ал эми калган 200 млн сому талкаланган жана өрттөлгөн турак-жайларды калыбына келтирүүгө багытталат. Учурда келтирилген зыян көлөмүн баалоо боюнча атайы комиссия иш алып барууда, анын ишинин жыйынтыгы боюнча биз калыбына келтирүү ишинин активдүү фазасына киришебиз», — деген Марипов.

Андан соң Өкмөт башчы Арка-2 айылынын тургундары менен жолугушуп, анда айылдыктар тарабынан кыска мөонөттө ыкчам чечүүнү талап кылган бир катар маселелер көтөрүлгөн.

Кеп мамлекеттик чек араны тариздөө процессин жыйынтыктоо, турак-жайларды жана социалдык объектилерди калыбына келтирүү, жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо, айылда жумуш орундарын түзүү тууралуу жүрдү.

Өкмөт башчы ошондой эле Максат айылынын тургундары менен жолугушкан, анда жергиликтүү тургундардын негизги өтүнүчү катары көйгөйлүү маселелерди чечүү жолу аркылуу коопсуздукту камсыздоо турган.

«Чек ара маселесин чечүү оңой эмес. Ага көп жылдык тажрыйба далил. Бирок кыйынчылыктарга карабастан, олкө жетекчилиги мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселесине чекит коюга ниеттенүүдө. Ал маселени чечүүгө чейин талкаланган обьектилерди калыбына келтирип, кадимки тынч жашоого кайтуубуз зарыл. Ондогон үйлөр өрттөнүп кетти, аларды калыбына келтирүүгө жардам берилет. Ошондой эле акыркы кайгылуу окуялардын жүрүшүндө өрттөнгөн, же жоголгон бардык документтер: паспорттор, ние тууралуу күбөлүк, мүлккө болгон документтер акысыз негизде калыбына келтирилет. Сиздер эч жакка чуркабайсыздар. Тийиштүү мамлекттик кызматтардын адистери, келтирилген зыянды баалоо боюнча кызматтар жеринде иш алып барат»,- деп белгилеген Премьер-министр.

Баткен облусунда бир катар социалдык объектилерди куруу пландаштырылууда. Атап айтканда, Кызыл-Бел, Ак-Сай, Моргун жана Борбордук айылдарында типтүү жалпы билим берүү мекемелери курулат, Максат айылында өрттөнүп кеткен мектеп калыбына келтирилип, бала бакча курулат, ошондой эле Кулунду айылында мектепке чейинки балдар мекемеси курулат. Мындан тышкары, бөлүнгөн каражаттар жаңы жолдорду курууга жана Миң-Булак – Чорго – Ак-Сай, Кок-Таш — Ак-Сай –Тамдык жолдорун оңдоого жумшалып, Ак-Сай — Рават, Кулунду – Максат — Арка, Чайхана – Ак-Сай, Кызыл-Бел – Достук жолдоруна асфальт төшөлөт.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>