Site icon Reporter.kg

Чек ара чыры: Лейлектин 80 пайыз эли үйлөрүнөн чыгып кетишти

Баткенде тургундар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан эвакуацияланып жатат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгы бир нече убактылуу жайгаштыруу пункттарын ачып, калкты кооптуу аймактардан эвакуациялоо боюнча иш чаралар уюштурулуп жатат.

Мындан сырткары жергиликтүү тургундар өздөрүнүн унаалары менен коопсуз аймактарга (туугандарыныкына) чыгып жатышат.

“Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр айылдарынан жарандар Рават айылына эвакуацияланды. Ал эми Баткен шаарында ачылган убактылуу жайгаштыруу пункттарына келген жарандар да бар. Саат 10:30га карата Лейлек району боюнча Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка, Достук, Борбордук, Жаштык айылдарынын 70-80 пайыз эли өз алдынча чыгып кетишкен”, — деп айтылатм аалыматта.

Учурда жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник У.Шамыркановдун жетекчилигинде министрликтин кызматкерлери жана техникалары тартылып, жарандарга тийиштүү жардамдар көрсөтүүлүдө.

Ошондой эле министрликтен жардамга кошумча күч катары өздүк курам жана техникалар жөнөтүлүүдө.

Буга чейин Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалга байланыштуу билдирүү таратып, анда «тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды», — деп билдирген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу бойдон калууда. Чек арадагы акыркы маалыматтар бул шилтемеде. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version