Site icon Reporter.kg

Чек ара чыры: Максат айылынын 54 жаштагы тургуну каза болду

Баткен облуснун Максат айылынын 1967-жылы туулган жараны каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Ализа Солтонбекова юрифингде билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз-Тажик чек арасындагы чырдан каза болгондордун жалпы саны 35 адамды түзөт.

Ал эми Баткен районунда өлкөнүн ар кайсы облустарынан барган 40 дарыгер эмгектенип жатканын кошумчалады.

Exit mobile version