Site icon Reporter.kg

Чек ара чыры: Ок атышуудан жараат алгандардын саны 31ге жетти

Бүгүн, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам жарадар болгон жарандардын саны 31ге жетти. Бул тууралуу Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, саат 13:00гө карата Баткен облустук ооруканасына дагы 13 жабырлануучу түштү. Буга чейин 18 адам жеткирилген.

«Абалы жана диагнозу тууралуу маалымат кийинчерээк берилет. Баткен облусундагы бардык саламаттыкты сактоо уюмдары жана тез жардам кызматы күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү.

Ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү көлөмү бар”, — деп айтылат маалыматта.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган. Чек ара кызматы билдирүү таратып, анда «тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды», — деп билдирген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал курч бойдон калууда. Чек арадагы акыркы маалыматтар бул шилтемеде. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version