Site icon Reporter.kg

Чек ара чыры: «Самаркандек» тозотундагы ок атышуу токтоду

Бүгүн, 14-сентябрда саат 15:08де башталган «Самаркандек» тозотундагы Паскы-Арык тилкесиндеги ок атышуу токтоду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Мындан мурдараак Чек ара кызматы саат 15:08де Тажикстан тарап аталган тозоттун чек ара кызматкерлерине ок чыгарып, ок атышуу башталганын билдирген.

Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу бойдон калууда.

«Баткен районунда саат 08:10дон тарта тажик тарап баштаган ок атышуулар маал-маалы менен болууда. Саат 08:10до Булак-Башы жергесинде куралдуу кагылышуу болду. Саат 14:00дө Как-Сай жергесинде, саат 15:08де Паскы-Арык жергесинде тажик тараптан ок атуулар башталган», — деп айтылат маалыматта.

Азыкы тапта эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө. Алар сүйлөшүүнү Паскы-Арык жергесинде улантары күтүлүүдө.

«Чек ара өкүлдөрү чыр-чатак орун алган жерлерди кыдырып, атышуулардын чоо-жайын такташууда», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version