Site icon Reporter.kg

Чек ара: Тажикстан Баткен шаарын ракеталык система менен аткылады

Тажикстан Баткен шаарынын четин жана аэропортунун аймактарын жапырт аткылоочу ракета системалары менен аткылады. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

«Баткен шаарындагы жарандык инфраструктура объекттери талкаланды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылыш уланууда.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган. Чек ара кызматы билдирүү таратып, анда «тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды», — деп билдирген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал курч бойдон калууда. Чек арадагы акыркы маалыматтар бул шилтемеде. 

Кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болууда. Акыркы абал

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version