Чек ара чырында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон компенсация төлөнөт

Чек ара чырында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон компенсация төлөнөт

Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыр тарткан Лейлек районунун Максат айылына барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы талкаланган мектептин аймагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, жаңжалда курман болгондорго багыштап куран окуган.

Президент бүгүнтөн баштап Максат айылында жана башка жапа чеккен айылдарда калыбына келтирүү боюнча курулуш иштери башталарын, бузулган үйлөрдүн ордуна жаңы заманбап турак-жайлар куруларын белгилеген. Курулуш иштерин эки айдын ичинде бүткөрүү болжолдонууда.

Ошондой эле, талкаланган социалдык жана коммерциялык объектилерди калыбына келтирүү иштери да башталары айтылат.

Садыр Жапаров медициналык жардам көрсөтүү үчүн Баткен облусуна жиберилген мобилдик клиникалар жөнүндө да айтып берген. Донордук долбоордун аркасында мобилдик клиникалар 5 жыл аралыгында республиканын бардык аймактарын кезек-кезеги менен кыдырып, бийик тоолуу жана алыскы райондордун жашоочуларына акысыз медициналык кызмат көрсөтөрү кошумчаланат.

Ошону менен бирге Мамлекет башчысы жакын арада Баткен облусуна өзгөчө статус берилерин, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сом өлчөмүндө компенсация төлөнөрүн, жабыркаган ишкерлерге дагы жардам көрсөтүлөрүн баса белгилеген.

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү тургундардын көйгөйлүү суроолоруна жооп берген. Эл негизинен мамлекет тарабынан колдоо, чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо процесси, пенсия жана жөлөкпулдар, жоголгон документтерди калыбына келтирүү, жолдорду оңдоо жана башка маселелер боюнча суроолорун узатышкан.

Жергиликтүү тургундар менен жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик органдарына бир катар конкреттүү тапшырмалар берилген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>