Социалдык тармактарда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда Максат айылына жакын жерде Тажикстандан келген согушкерлердин отрядынын видеосу пайда болду.
Болжолдуу түрдө, видео 29 же 30-апрелде чыр-чатак курчуп турган учурда тартылган. Видеодо куралчан адамдардын тобунун жанында Тажикстандын аскер кызматкерлери (формаларынан айырмаласа болот) БТР менен баратса, согушкерлер пулемёттор менен жабдылган жол тандабас унаалар менен жүрүшкөнүн көрүүгө болот.
Айрым маалыматтарга караганда, бул отрядга тажик милициясынын генерал-майору Хуршед Изатулло Мухаммадзода командачылык кылган.