Site icon Reporter.kg

Чек ара: Исфана-Баткен жана Исфара-Ворух жолдору ачылды

Бүгүн, 25-июлда Кыргыз-Тажик чек арасында кырдаал туруктуу. Исфана-Баткен жана Исфара-Ворух жолдору ачылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Учурда эки өлкөнүн чек арачылары күчөтүлгөн режимде иш алып барышууда. Жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү уланууда.

Белгилей кетсек, 22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атылган. Жаңжалдан бир нече адам жабыркаган. Кырдаалды  жөнгө салуу жана жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында бир нече жетекчилер жаңжал чыккан аймакка барган.

Exit mobile version