Бүгүн, 21-сентябрь саат 09:00го карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу элементтери сакталуу менен салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлүүдө. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка караганда 21-сентябрга караган түн тынч өткөн.
Чек ара кызматы 20-сентябрдан тарта кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жарылбай калган миналарды, снаряд жана башка жарылуучу заттарды табуу, зынясыздандыруу иштери жүрүп жатканын эске салат.
Чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз