Чек ара кызматы аткезчилик жол менен товар ташып өтүүгө аракет кылгандарды кармады

Чек ара кызматы аткезчилик жол менен товар ташып өтүүгө аракет кылгандарды кармады

Айдаркен шаарындагы чек арачылар Кыргызстандан Өзбекстанга мыйзамсыз ташылып бара жаткан жүктү аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 13-ноябрда Кыргызстандын 1985-жылы туулган жараны Т.М. менен 1990-жылы туулган жараны Ш.А. «Хендай Портер» үлгүсүндөгү 2 унаа менен чек ара бекетинен башка жерден товар алып өтүүгө аракет кылышкан. Кармалгандардын жанында уруксат кагаздары болгон эмес. Аткезчилик жүктүн жалпы баасы 285 миң сомду түзгөн. Кармалгандарга карата тиешелүү документтер түзүлүп, Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>