Site icon Reporter.kg

Чек ара кызматы: Баткенге аскер техникалары баратат деген жалган маалымат

Социалдык тармактардагы “кыргыз-тажик чек арасына аскер техникалары баратат” деген маалымат жалган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы атайын билдирүү таратты.

 Мекеменин маалыматына карганда сөз болуп жаткан аскер техникалары бараткан видео Жалал-Абадка бараткан ашууда тартылганын, ал “Сары — Таш — 2019” машыгууларынан  кийинки аскердик техникалар экенин билдирди.

Муну менен бирге Мамлекеттик чек ара кызматы жарандарды чагымчыл маалыматтарга ишенбөөгө жана андай маалыматтарды таратпоого чакырат.

Белгилей кетсек, 22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атылган. Жаңжалдан бир нече адам жабыркаган. Кырдаалды  жөнгө салуу жана жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында бир нече жетекчилер жаңжал чыккан аймакка барган.

Exit mobile version