Site icon Reporter.kg

Чек ара кызматы: “Эркечтам” өткөрмө бекети убактылуу жабылды

Кытай менен чектешкен “Эркечтам” өткөрмө бекети убактылуу жабылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кытайда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам транспорт жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулган.

Кытай тарап сел жолдордун айрым жерлерин жууп, көпүрөлөрдү бузуп кеткенин, бирок кызматтар оңдоо иштерин баштаганын билдирди.

УКМК Чек ара кызматы айдоочуларды жана жүк ташуучуларды сапарларды пландаштырууда ушул жагдайларды эске алууга чакырды.

Exit mobile version