Site icon Reporter.kg

Чек арачы: Кыргызстандын туусу дайыма желбиреп турат – видео

Кыргызстандын Чек ара кызматы аскери кыргызстандыктарга видеокайрылуу жасап, Баткенде Тажикстандын аскерлеринин чабуулуна кабылган Миң-Булак тозотун көрсөттү.

Ал кайрылуусунда Кыргызстандын туусу жерибизде дайыма желбиреп турарыт белгиледи.

«Урматтуу достор, мекендештер, аскер кызматкерлери биз Миң-Булак чек ара тозотунда турабыз. Ал Тажикстан Республикасынын жаалданган, жүзүкаралык чабуулуна туш болду. Сиздер көрүп тургандай, тозотко миномет жана башка оор техника менен чабуул жасалган. Келтирилген зыянга карабай, Кыргызстандын туусу дайыма жерибизде желбиреп турат. Биздин духубузду эч  качан өчүрүүгө болбойт», — деди ал.

Эскерте кетсек, тасмадагы чек арачы 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыш учурунда башчылыгына маалымат берип жатып, «Кыргызстандын бир да сантиметр жерин бербейбиз, биздин жоокерлер аягына чейин турат» деп айтып коомчулукка таанылган аскер.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчыларыпрезиденттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.

Акыркы маалыматтар боюнча Тажикстандын кол салуусунан Кыргызстан тараптан 59 адам каза тапты.

Бүгүнкү күнү чек арадагы абал тынч бойдон сакталууда, бирок чыңалуу бар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version