Site icon Reporter.kg

Тажикстан макулдашууну бузуп, кайра ок чыгарды, — Чек ара кызматы

Тажикстан ок атууну токтотуу тууралуу макулдашууну бузуп, кайра кол салды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, саат 18:30гө карата кыргыз-тажик чек ара тилкесинде кырдаал курч бойдон калууда.

Тажик тарап Лейлектин Кулунду жана Жаңы-Жер конуштарындагы кыргыз чек арачыларынын позициясын аткылаган. Ошондой эле, Баткен районунда жапырт аткылоочу ракеталык системаларды колдонгон.

«Чек ара кызматы ок атууну токтотуу жана кырдаалдын мындан ары курчуп кетпешине бардык аракеттерди көрүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Кыргызстан жана Тажикстандын УКМК башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов чек арадагы ок атышууну саат 16:00дөн тарта токтотууну макулдашкан. Андан кийин Чек ара кызматы кыргыз тарап ок атууну толук токтотконун, тажик тарап ок атууну азайтып, бирок маал-маалы менен ок атууну улантып жатканын билдирген.

Кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болууда. Акыркы абал

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version