Site icon Reporter.kg

Чек ара кызматы: Тажикстандын аскерлери Достуктагы мектепти басып алды

Тажикстандын аскерлери Баткендин Достук айылындагы мектепти басып алды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык Тажикстандын аскерлери чек ара аймагындагы айылдардан  аткылоо жүргүзүп жаткандыктан, аскерлер жооп иретинде алардын позициясын атууга аргасыз болууда.

«Тажикстандын аскерлери чек ара айылдарындагы конуштардан ок атып, жооп иретинде ок чыгарууга аргасыз кылууда. Өзүнүн жарандарын «тирүү» калкан катары колдонуп, тажик тарап жарандар арасында жоготууга учуроодо», — деп айтылат маалыматта.

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштын жүрүшүндө Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстандын «Ляккан» жана «Богдари» тозотторуна сокку уруп, тажик тараптын бир топ аскердик оор техникаларын жок кылган.

Кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болууда. Акыркы абал

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version