Site icon Reporter.kg

Чек ара кызматы Ысык-Көлдөгү учуучу аппараттын кулашы боюнча үн катты

УКМКнын Чек ара кызматы Ысык-Көлдөгү учуучу аппараттын кулашы боюнча үн катты.

Маалыматка ылайык, аталган окуяда Чек ара кызматынын куралдануусундагы чалгындоо жүргүзгөн жана сокку урган учкучсуз учуучу аппараттардын бири да, анын ичинде Bayraktar кырсыктаган эмес. Алардын баары белгиленген тапшырманы аткарууга даяр турат.

Чек ара кызматы билдиргендей, бүгүн, 14-августта Балыкчы шаарындагы полигондун аймагында тактикалык чакан дрондун жаңы түрүн сыноо жүргүзүлүп жаткан. Дрон Тамчыдагы аэропортко конуп бара жатканда белгиленген жерге жетпей кулап, күйүп кеткен.

Дрондун кулашынан эч ким жабыркаган эмес. Учурда аэропорттун аймагын дрондун сыныктарынан тазалоо иштери жүрүүдө.

Сыноо жүргүзгөн топ дрондун эмне себептен кулаганын изилдөөдө.

Эскерте кетсек, буга чейин Ысык-Көлдөгү аэропорттон алыс эмес жерде учкучсуз учуучу аппарат кулаганы тууралуу кабарланган.

Ысык-Көлдө аскердик учкучсуз учуучу аппарат жерге кулады (видео)

Exit mobile version