Site icon Reporter.kg

Чек ара маселеси. Өкмөттүн маалыматы жабык угулат

Өзбекстан жана Тажикстан менен мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоодогу абал тууралуу өкмөттүн маалыматы жабык угулат. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев билдирди.

Анын айтымында, УКМКнын төр агасы Камчыбек Ташиев маалымат берет.

Белгилей кетсек, буга чейин Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасында эч кандай талаштуу жер калбаганын, бардыгы 100 пайыз чечилгенин айткан.

Ошондой эле Тажикстандын Согди облусунун Гүлистан шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын жыйыны болгон.

Exit mobile version