Site icon Reporter.kg

Чек ара окуясы боюнча Жогорку Кеңештин комитети маалымат угат

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал боюнча Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети маалымат угаарын депутат Жанар Акаев өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Баткендеги соңку окуялар боюнча баарыбыз абдан тынчсызданып турабыз, тиешелүү органдар менен тынымсыз байланыштабыз, бирок ушундай кырдаалда алардын жетекчилерин баарын Жогорку Кеңешке чакырып, эртеден кечке суроо-жооп уюштурсак, чек арадагы абалды жөнгө салуу аракеттерине тоскоолдук гана кылган болобуз деп ойлойм. Өтө жакын арада соңку окуя боюнча Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети маалымат угуп, жыйында маселе каралат. Сиздер жазып жаткан, тынчсызданып жаткан суроолордун баарына жооп алабыз. Тынчтык болсун жергебизде!”— деди эл өкүлү.

Маалымат угуу жабык болобу же ачык болобу, ачыктаган эмес…

Exit mobile version