Site icon Reporter.kg

Чек ара: Ташиев депутаттарга жабык эшик артында маалымат берүүдө

Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйында депутаттар кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат жабык эшик артында угууну чечти.

Жыйында чек арадагы куралдуу кагылыш жана азыркы абал тууралуу маалыматты жабык угуу тууралуу сунуш түшүп, эл өкүлдөрү аны колдоду.

Маалыматты УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен коргоо министри Бактыбек Бекболлотов берүүдө.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчыларыпрезиденттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.

Акыркы маалыматтар боюнча Тажикстандын кол салуусунан Кыргызстан тараптан 59 адам каза тапты.

Бүгүнкү күнү чек арадагы абал туруктуу деп мүнөздөлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version