Чек ара жаңжалы. Тажикстандын алты жаранына Кыргызстандын аймагында издөө жарыяланды

Чек ара жаңжалы. Тажикстандын алты жаранына Кыргызстандын аймагында издөө жарыяланды

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга байланыштуу Тажикстандын алты жаранына Кыргызстандын аймагында издөө жарыяланды. Бул тууралуу 21-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.

«Чек арадагы кылмыштар боюнча Тажикстандын алты жаранына издөө жарыяланган. Алар кылмыштуу топтун мүчөлөрү экени аныкталган эмес. Болгону чек арага жакын жерде жашаган адамдар. Алар чек арадагы чыр-чатактарга катышкан», — Каниметов.

Каниметов Кыргызстандын жарандарынын эки автоунаасын талкалап, үйдү өрттөөгө аракет кылган тажик жарандары изделип жатканы тууралуу Тажикстандын күч түзүмдөрү маалымат бергенин кошумчалады.

Депутат Каныбек Иманалиев Жаматтык Коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмуна (ЖККУ) кирген өлкөлөрүндө кылмышкерлерди бири-бирине өткөрүп берүү боюнча келишим бар экенин айтты. Ал 22-январда Бишкеке тажик тарап менен жолугушууда ушул маселени көтөрүүнү сунуш кылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>