Чек ара жаңжалынан кийин Баткен-Исфана унаа жолу жабылды

Чек ара жаңжалынан кийин Баткен-Исфана унаа жолу жабылды

Кыргыз-тажик чек арасында келип чыккан жаңжалдан кийин Лейлек районуна кете турган Баткен-Исфана унаа жолу жабылды. Маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Блгилей кетек, 22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атылган. Жаңжалдан бир нече адам жабыркаган. Буга чейин Мамлекеттик чек ара кызматы Ак-Сай айылындагы абал  турукташып жатканын айткан.

Окуяны жөнгө салуу жана жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу максатында Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмодзода жолугушкан.

Жаңжал чыккан Ак-Сай айылына вице-премьер-министр Жеңиш Разаков,  Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев да барган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>