Site icon Reporter.kg

Чек ара жаңжалында жаракат алган 10 адам учак менен Бишкекке жөнөтүлдү

Лейлек районундагы чек арада болгон атышуудан жаракат алган 10 адам Куралдуу күчтөрдүн аскердик-транспорттук учагы менен Бишкекке жөнөтүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги, 16-сентябрь күнү кечке маал Лейлек районунун Максат айылындагы кыргыз-тажик  чек арасындагы атышуудан жалпы 13 адам жаракат алып, 1 адам каза болгонун билдирген. Жаракат алгандардын жетөө аскер кызматкерлери болсо алтоо жергиликтүү тургундар.

Exit mobile version