Site icon Reporter.kg

Чек ара жаңжалы: Көк-Таш айылында 10 үй жабыркаган

Чек арадагы Көк-Таш айылында алдын ала маалымат боюнча кеминде 10 үй жабыркаган. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынан билдиришти.

Тажик чек арачыларынын айылды аткылоосунун натыйжасында эки сарай жана бир унаа күйүп, бир нече унаа жабыркаганы такталган. Кээ бир үйлөрдүн бастырмаларына тийген снаряддардан бодо мал өлдү.

Эскерте кетсек, 27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылган. Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атады. Тажик тарап Кыргызстанды айыптап жатат.

Exit mobile version